7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШдан депортацияланган 20 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди

236

Бүгүн Нью-Йорк – Ташкент – Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу Кыргызстандын 20 жараны өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Каттам Өзбекстан менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

АКШ тараптын маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалган жана атайын мекемелерде кармалып турган. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.

АКШдагы жана Өзбекстандагы Кыргызстандын мекемелери жарандардын коопсуз жана өз убагында мекенине кайтып келүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

Министрлик чет мамлекеттердин, анын ичинде АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузуу — депортация, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуу жана башка чектөөлөр сыяктуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертет.

Ушуга байланыштуу ТИМ чет өлкөлөдө жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн мыйзамдарын так сактоону, ошондой эле укуктук же башка кыйынчылыктар жаралган учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө өз убагында кайрылууну сунуштайт.

237