АКШдан келген гуманитардык жардам Баткендин тургундарына берилет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаты Баткенде жапа чеккен жарандарга колдоо максатында күнүмдүк жашоого керектүү буюмдарды берет. Мындай жардам эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын аркасында берилет.
23-ноябрда АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсин координациялоонун натыйжасында, ага керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бул жардам Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктарга жакынкы күндөрү жардам иретинде бөлүштүрүлөт.
Бул жардам АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго алынган.