7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

475

Жалал-Абаддын Аксы районуна айыл аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулары 56 турак жайдын короосун, анын ичинде 6 турак үйдүн жер төлөөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай уруп калган. Жерине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ барып, штаб түзүлүп, Аксы акиминин буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кара-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, дарыяга жакын жайгашкан 64 үйдүн 250дөй жашоочусу туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.

Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

476