Аксы районунун аймактарында талааны чегиртке каптады. Бул тууралуу Кербен шаарына караштуу Күлүк-Дөбө айыл аймагынын башчысы Мирлан Убраим уулу билдирди.
Анын айтымында, Аксы районуна караштуу Күлүк-Дөбө айылында 4 күндөн бери талааны чегиртке каптоодо. Ошондой эле, Кашка- Суу айыл өкмөтүн, Ак-Дөбө, Жерге- Тал айыл өкмөтүндөгү талааларды чегиртке каптаган.
«Күлүк-Дөбө айылынын тургундары чегиртке талааны каптап эгиндерин жеп жатканын акыркы төрт күндө билген. Бүгүн бешинчи күн кетет. Негизги чегиртке каптап жаткан аймактар Кашка-Суу айыл өкмөтү, Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө, Күлүк-Дөбө, Жерге-Тал айыл өкмөтү. Мына ушул эки айыл өкмөт бир Кербен шаарынын жерлерин чегирткелер каптап жеп жатат. Бүгүн дагы эл менен биргеликте жеринен болдум. Өкмөт тарабынан бир машина келип дары чачып жатат. Бирок, ал жетишпей жатат. Жер адистерине бул менен маселе чечилбээрин, техникаларды көбөйтүшү керектигин айттым. Негизги жер аянттары 1000 гектардан көп, 1500-2000 сансыз гектар жерлерди чегирткелер каптап жеп кетип жатат. Учурда эл карайлап турат, себеби Аксы районунунда негизги багыт мал-чарбачылык болгондуктан элдин көзгө басары эле чөп. Ошондуктан бул маселени тезирээк чечиш керек. Тилекке каршы өкмөт тарабынан берген техника аз болуп жатат. Даарылар себилип жатат бирок, жетишпей жатат. Саат сайын көбөйүп жатат чегирткелер»,-деп билдирди ал.