7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда 1500 окуучу «Манас» айтты

454

Бүгүн Аксы районунун борбордук стадионунда «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» айтышты.

Иш-чарага Аксы райондук мамлекеттик администрация-башчысы аким З. Сыдыков, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жалпы жамааты менен, райондун аймагындагы шайыр апалар, маданият кызматкерлер катышып, иш-чара жогорку деңгээлге уюштурулуп өткөрүлдү.

Сынак президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында республиканын бардык аймактарында өткөрүлүүдө.

455