7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда июнь окуясы эскерилип, ынтымак чайы уюштурулду

649

Бүгүн Аксыда июнь окуясы эскерилди. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекекттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кербен шаарынын мэриясы менен биргеликте кыргыз-ѳзбек элдеринин катышуусунда ынтымак чайын уюштурду. Анда эки элди ынтымакка чакырып, каза болгондорго арналып куран окутулду.

Расмий маалыматка таянсак, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Белгилей кетсек, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650