7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «смотрящийи» кармалды

575

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда УКМК тарабынан КБР катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды.

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган. Анын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.

Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576