7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда Садыр Жапаров менен элдин ишенимге жуурулушкан мыкты баарлашуусу болду!

203

Акыйкаттык дегенде ак эткенден так эткен айтылуу Аксы районунун эли 16-
декабрь күнү түштөн кийин Садыр Жапаровду зор кубаныч менен тосуп алды.


Кербен айылынын борбордук стадионуна кыштын суугуна карабай, ат арытып,
жол карытып Аксы, Ала-Бука, Чаткалдан бери миңдеген эл келди. Адаттагыдай
эле элдик лидер Садыр Жапаровду туш-туштан кубаттап, дүркүрөтө кол чаап,
жарык маанайда жолугушуу башталды. Чын жүрөгү менен колдоп келгендери
алардын маанайынан эле ачык көрүндү.

Элдик бийликтин орношуна жол ачкан аксылыктардын майтарылбас эрдигин
баса белгилеп өткөн Садыр Жапаров: “Жемкорлук жана кландык башкаруу,
өлкөбүздүн экономикасын сазга батырды. Эми мурунку бийлик түзүп
кеткен системадан толук арылууга, чечкиндүү аракеттер көрүлөт”
— деп
элдин эртеңкиге болгон үмүтүн кайра жандырды.


“Кен байлык элдики!” – деген кайра кайткыс бекем позициясын бул ирет да
баса белгилеп: “Жалал-Абад областына караштуу Чаткал, Ала-Бука, Тогуз-
Торо райондорундагы кен байлыктар – элдики! Ошол элдик байлыкты –
элге пайда алып келгидей иштетип, кийинки муунга, гүлдөгөн
Кыргызстанды мурас кылып өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз!”

деди. Мындан кийин өз ишин мыкты өздөштүргөн таза жана иш билги
жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартаарын да айтты.


Бул жолугушуу суроо-жооп иретинде эркин форматта өттү. Баса,
жолугушуунун тартибин Садыр Жапаров өзү аныктап, өзү башкарып турду.
Илгеркидей алдын ала даярдалган суроолорго эмес, элдин өз оозунан
көйгөйүн, маселесин угуу үчүн микрофонду элге берди. Эл менен түз
баарлашып, эл дагы болгон ыкласын, ишенимин берип, жуурулушкан эң соонун
баарлашуу болду.


Элдин Садыр Жапаровго болгон ишеними ушунчалык күчтүү экенин ушундан
билиңиз, эл аны талапкер эмес, учурдагы президенттей эле кабыл алып,
маселесин Садыр Жапаров азыр чечип жиберчүдөй ишенип турушту. Каалоо-
тилек айтам деп чыккан бир апа “Эч кам санаба, Аксы эли сени 100 пайыз
колдоп беребиз! 7 дубан кыргыз эли бүт колдойт”
– деген сөзү
чогулгандардын колдогон кыйкырык-сүрөөнү менен коштолду. Өзбек
улутундагы карапайым бир аксакал чыгып “Бир жыл мурун, Сиз абакта
жатканда сүйлөштүк эле. Сиз Кудай буйруса Президент болосуз деп
ошондо эле тилек кылып айттым эле. Кыргызстанды жакшылап
башкарып бериңиз. Буйруса баары жакшы болот. Баарыбыз Сизди
колдойбуз. Ала-Букадан 100 пайыз Сизге добуш алып бергенге аракет
кылабыз”
– дегенин да эл сүрөп, кыйкырып турду. Садыр Жапаров “Бул
аксакал менен бир жыл мурун түрмөдө жатканда сүйлөштүм эле. Эсимде.
Рахмат” – деп кол алышып, эски таанышындай жылуу учурашты. Булардан
башка да батасын берген, каалоосун айткан ата-апалар көп болду.

Садыр Жапаровго берилген суроолор ар кандай болду. Мисалы, “Бажыда
дагы деле Райым Матраимовдун жакындары, өкүл балдары иштеп жатат. Алар
качан жоопко тартылат?”- деген суроого “Шайлоодон кийин, президент
болуп шайланып калсам, бажы тармагын тазалайбыз. Четинен тазалап
келе жатабыз. Иш билгилерин алып калып, таза эместерин кетиребиз”

деди. Чаткалдык бир жигит “Чаткал району дайыма эле көңүл сыртында калып
калат. Бизге окшогон тоолуу, алыскы райондорго өзүнчө округ кылып, бизден
да депутаттар чыгып, таламыбызды талашкыдай шарт түзүп берсеңиз?” —
деген суроосуна “Ала-Бука, Чаткалдын сөзсүз өзүнүн бир депутаты болот.
Анткени 35 депутат бир мандаттуу округ менен келет. Буйруса,
Конституциялык реформа ишке ашса, мыйзам менен аныктайбыз” — деди.
Айтор, ушул сыяктуу суроолор берилип, жооптор айтылган соң, жолугушуунун
акырында ак сакалын жайкалткан аксакал сахнага чыгып: “Келечектин ажосу
бол, бактылуу элиңдин, бактылуу ажосу бол!”
— деген батасын берди.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 16-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

204