7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда тигилген кийимдер чет өлкөлөргө экспорттолууда

336

Аксы районунун Тор-Камыш айылында жайгашкан «Эрден» тигүү фабрикасынын продукциясы чет өлкөлөргө экспорттолууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.

Жергиликтүү ишкерлер тарабынан негизделген бул ишкана төрт ай мурун ачылып, 200 адамга ылайыктуу жумуш орундары түзүлгөн. Жалпы аянты 790 чарчы метрди түзгөн фабрикада тигилген продукциялар негизинен чет өлкөлөргө экспорттолуп, онлайн сатуу каналдары аркылуу кардарларга жеткирилүүдө.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Ал мындай долбоорлор аймак тургундарынын жашоосун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

337