7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды

725

26-октябрда кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Бул тууралуу  Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырган. Ал өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын  кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын баса белгиледи.

Сыйлык тапшыруу аземине көрүнүктүү кино режиссёрлор, маданият ишмерлери, элчиликтин өкүлдөрү жана кадырлуу коноктор катышты. Өз кезегинде  режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачлыкка берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делаус мырзага ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, аталган даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726