7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Активист: Июнь окуясы акыйкат иликтениши үчүн алгач үч адамды камаш керек

2780

Активист Шамурза Борукулов: «2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясын иликтөө акыйкат жүрүүсү үчүн алгач анын башында тургандарды камап, сырткы байланыштарын үзүү керек», — деген пикирин бөлүштү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, түштүктөгү коогалаңда набыт кеткен 500дөй жарандын өлүмүнө азыркыга чейин эч ким жооп бере элек.

«Ош, Жалал-Абад коогалаңы акыйкат иликтенсин десеңер, анда ушул үчөөнү решетканын артына киргизип, сырткы коом менен ар кандай байланыштарын үзүп, андан соң иликтөөнү баштоо керек. Андай болбогондо, ар кимиси оюна келгенди айтышып элдин башын айланта беришет. Мисалы: Исмаил Исаков түшүнөн чоочуп ойгонгондой: «Түштүк согушунун күнөөкөрлөрүн издештин кереги жок, Бакиев күнөөлүү»,- деп тантырап салды. Топтолгон он төрт штук эл душмандары биригишип 7-апрелде Бакиевди кууп чыгарышып, 10-июндагы согушка Бакиевди күнөөлөп жатканы, бул бетпактардын адамдык сапаттарын таптакыр эле жоготуп койгонунан кабар берет.

Ал эми тиги катындан чыккан Гитлер болсо, ачык эле: «кара жашик ачылбасын» деп, наглый рожасын көрсөтүп ультиматум коюп жатат.

Кыргызстанда кызыл китепке кирген ак илбирсти аткан адамга 1,5 миллион сом штраф бар экен. Ал эми түштүктө 500дөй алтын баштуу, аң сезимдүү, эч кимге зыяны жок карапайым адамдарды Кадыржан Батыровдун колу менен өлтүрүшкөн бул заказчиктерге он бир жылдан бери бир да чара көрүлбөй келет.

Ар бири атууга кете турган кылмыштарды кылган бул кылмышкерлер ошол мезгилде миңдеген өлүктөрдү тепсеп максатына жетишкен болсо, мына эми он бир жылдан бери биздин-тирүүлөрдүн башыбыздан басып жүрүшөт. А биз болсок: » сатсаң, сойсоң өзүң бил» деген момун койчосунан унчукпайбыз. Чын эле Атамбаев айткан койлорбузбу?», — дейт ал.

2010-жылдын 10-июнь күнү кечинде Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү казинолордун биринде кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда чыр чыгып, ал улуттар аралык араздашууга алып келген. Бул бара-бара өлкөнүн түштүк аймагына жайылып, аймак алты күндөн ашык тынчыбай турган. Окуядан жүздөгөн адам каза таап, миңдеген адам жаракат алган. Нечендеген адам үй-жайсыз калган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече шектүү камакка алынып, бир канчасына сыртынан өкүм чыккан. Анткен менен иш ушул кезге дейре толук аягына чыкпай келет.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров 2010-жылдын 10-июнунда болгон Ош коогалаңын иликтөө жоопкерчилигин УКМКга тапшырган. Учурда УКМК иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2781