7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айымдар арасында биринчи жолу Эверест чокусун багындырган майып кыз

428

Казакстандык Мария Ауэзова басуу мумкүнчүлүгү чектелгендигине карабай айымдар арасында биринчилерден болуп Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал чыккан чокунун бийиктиги 5 миң 364 метрди түзөт.

«Бизге бул мүмкүн эмес деп айтышкан, бирок биздин колубуздан келди! Бул мен үчүн оңойго турган жок суукта үшүп, талыкпаган эмгек, кургабаган тердин аркасынан бул ийгиликке жетиштим. Албетте, бул кыйынчылыктар мени жеңишке алып келди», — дейт ал.

Ошондой эле ал, бул жеңишке карай алгачкы гана кадамдары экенин белгилеп, муну менен токтобостугун билдирген.

Эверест чокусу — шамал кожойкеси деп аталып келет. Ал чокуга чыгуу альпинисттер үчүн чоң сыймык жана, көпчүлүк учурда аткарылбай калган кыял бойдон калат. Чокуга чыгуу үчүн 35 миң АКШ доллары сарпталат жана ден соолуктун чың болуусу абзел. Кыш мезгилинде -50 ° C чейин суук болуп, катуу шамал болгондуктан көбүнчө күз жана жаз айларында барууга болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

429