Ишкерлерди коркутуп, акча чогулткан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында Жалал-Абад шаарында үч адам 29 жаштагы жаранды автоунаага күч колдонуп отургузушуп, адамдардан алыс алып барып сабап, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.
Ыкчам иликтөөнүн алкагында, Жалал-Абад шаарынын кичи райондорунун биринен шектүүлөрдүн бири Сузак районунун жашоочусу, 1992-жылы туулган А.З. 16-апрелде кармалып, ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүүдө. Алардын ишкерлерди коркутуу, опузалап талап кылуу жана кол салуу боюнча башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилип жатат. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.