Өлкө башчы Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жаш курагында дүйнө салды.