7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттен белек сураган Адинай комуздуу болду

646

Президенттен Ноорузга карата комуз сураган кыз белегин алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кудайберген Базарбаев музыкалык аспапты тапшырып жатып, Президент Садыр Жапаров балдар маселесине ар дайым көңүл буруп, жаш муундардын ар тараптуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу багыт катары эсептээрин белгиледи.

Маалыматка ылайык ,Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова Нооруз майрамынын урматына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, Президенттин атынан ага комуз белек кылды.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын айтты.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647