7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетти

1411

Актёр Нуржаасын Жумагулов бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга кечээ күнү учуп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Абалым азырынча жакшы, гемодиализ алып жатам. Айдын башында баралы деп план коюп жатканбыз. Бирок Түркияда Курман айт майрамын 10 күн майрамдашкандыктан 8-июлдан 18-июлга чейин иш күн эмес экен. Ошол себептен бүгүн, 17-июлда учууну чечтик», — деп жазды актёр.

Актёр 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет.  Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учурда гемодиализ алууда. Ага апасы же бөлөсү донор болору белгилүү болгон.

Нуржаасын Жумагулов «Мегатой», «Миң бир түн», «Жетикс», «Напарниктер» жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1412