7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камакка алынган Гүлжан Шерипбаеванын абалы айтылды

494

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери nazarnews.kg маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан.  «Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүү учурунда журналист өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирген.

Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин да айткан. Анын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр» — деп айтылат маалыматта.

495