7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров: Эки жылда элибиздин түңүлүп калган үмүтүн жандандырдык

477

Эки жылда элибиздин түңүлүп калган үмүтүн жандандырдык, — бул туурасында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ал белгилегендей, республикабыз түптөлгөн мезгилинде коррупция, регионализм, миграция жана жумушсуздук сыяктуу көптөгөн олуттуу сыноолорду өз башынан өткөрдү.

«Кечээ парламенттин депутаттары 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2023-жылга бюджеттин долбоору боюнча Министрлер Кабинетинин отчетун жактырды. Эл аралык институттар пессимисттүү прогноздорду бергенине карабастан, биз өсүштөргө чыктык. Үстүбүздөгү жылдын он айында экономикалык өсүш 7%ды түздү. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 503 млрд сом болот. Бюджетти 2-3 жылда 2-3 эсеге көбөйтүү “экономикалык керемет” болгон мамлекеттердин тарыхында чанда гана болгон.  Салык кызматы жыл ичинде – 154 млрд сом, бажы кызматы жыл аягына чейин 73 млрд сом камсыздайт. Электрондук эсеп-фактуралар ишке киргенден баштап   акчаны жүгүртүү 5,2 трлн сомго жетти, мурда реалдуу көлөмдү көрчү эмеспиз. Кумтөр кенинен 11 жылда 5,3 млрд сом түшсө, 2022-жылдын 10 айында  26,5 млрд сом түштү. 2021-жылы өлкөдө 10 тонна алтын калса, 2022-жылы 17,2 тонна алтын калат. Эгер 10 жылда 353 мектеп курулса, акыркы 2 жылда 140 мектеп курулду», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мамлекет башчысы белгилеген милдет-максаттарды ишке ашырууда өлкөнүн ар бир жаранынын колдоосу маанилүү экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478