Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык кароодон өтүү үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Ошол эле учурда Акылбек Жапаров күн сайын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен видеоконференцбайланыш режиминде жумушчу кеңешмелерди өткөрүп турат»,- деп берилет билдирүүдө.