7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат

495

ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, улуттар аралык кастыкты козутууга бөгөт коюу жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына шек келтирүү фактыларын алдын алуу максатында, Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан республиканын аймагында, өзгөчө 9-майда Улуу Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгын белгилөө үчүн өткөрүлүүчү иш-чаралардын катышуучуларынын арасында чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Россиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

«Бишкек шаарынын “Дордой”, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” ири базарларынын жана соода борборлорунун, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, бул багыттар боюнча Интернет булактарында ар дайым мониторинг жүргүзүлүүдɵ.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоолору боюнча 3 факт аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу) боюнча жоопкерчиликтин каралгандыгы жана 5500 сом айып салынаары эскертилүүдө»,-деп берилет билдирүүдө.

Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында 80 ашуун улуттардын өкүлдөрүнүн жашай тургандыгын эске алуу менен, Ички иштер министрлиги жарандарыбызга улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар-кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштайт. Аталган аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтердин каралгандыгын эскертет.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

496