7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров жана Чары Гылыджов кыргыз-түркмөн кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүштү

403

«Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушту. Бул тууралуу  министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров түркмөн тарапка экономикалык форумдун ишине катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Түркмөнстан республиканын Борбор Азиядагы маанилүү экономикалык өнөктөшү катары саналаарын белгиледи.

«Бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын, анын катарында энергетика жана транспорт тармагындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү канагаттануу менен белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык», — деди Акылбек Жапаров.

Түркмөн тарап кыргыз-түркмөн кызматташтыгына жана эки эл ортосундагы бир туугандык достук байланыштарды чыңдоого сапаттуу жана жаңы дем берүүдө үстүбүздөгү жылы Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарынын маанилүү ролун белгиледи.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү байкалып жаткандыгына канагаттануусун билдирди, бул өз ара сооданы жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү далилдейт.

Энергеткалык кызматташуу жаатында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына ташылып жаткан түркмөн электр энергиясынын, анын катарында түркмөн жаратылыш газын ташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөр алкагында биргелешкен Кыргыз-Түркмөн фондун түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү маселеси талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404