Бекболот Мырзаназар уулу кечээ, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, Бекболот Мырзаназар уулу 57 кг салмакта чемпионаттын жарым финалында белорустук Дмитрий Шамелага мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Кыргызстандык спортчу буга чейин мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, эки балбанды тең жеңип алган.
Эскерте кектсек, аталган күрөш боюнча таймашта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип алган.