Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, Жалал-Абад шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болгон. Тактап айтканда, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 60 жаштагы тургуну С.М. өзүнүн телефону аркылуу чалып, анда 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:00 чамасында жогорудагы өзү жашаган үйүнөн, баласы 1983-ж.т. С.Д.ны белгисиз адамдар жашыл түстөгү мерседес үлгүсүндөгү автоунаасына күч колдонуп салып, уурдап кетишкендигин кабарлаган.
Аталган факты боюнча материал ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 170-беренесинин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
\Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары КРнын ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жалал-абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1995-ж.т. М.Б.М. кармалып тергөөгө камсыздалган.
Өндүрүш иштин алкагында КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2021-жылдын 6-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат.