Эрназар Акматалиев кечээ, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридистин белине кирип, эки-үч ирет айлынтып, 12:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Кийинки кармашуу ирандык Али Акбар Али Аскар менен болду. Биринчи бөлүктө мекендешибиз 4:2 эсебинде утулуп келе жаткан, ага карабастан атаандашынын белине өтүп жатып эсепти 10:6га айлантуу менен жарым финалга жолдомо утуп алды.
Финалга чыкчу беттеште Акматалиев азербайжандык Мурад Евлоевге аз жерден жеңишти алдырып кое жаздады. Күрөш башталганда азербайжандык балбан кыргыз спортчусунун бутуна өтүп, упайды биринин артынан бирин алып жатты. Бирок Эрназар Евлоевдин белине өтүү менен эки упайдан топтоп, акыркы мүнөттөрдө алдыга озуп кетти. Жыйынтык 12:8 менен Акматалиев финалга чыкты.
Эскерте кетсек, буга чейин Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырган.