7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Акылбек Жапаров: Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш

155

Министрлер rабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (Run the Silk road) 10-Эл аралык Ысык-Көл марафонунун ачылыш салтанатына катышып, “Спорттун элди бириктирүү, элдештирүү жана ынтымакка чакыруу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү. Азыр дүйнөдө адамзат ынтымакты жана тынчтыкты тилеп жатат. Ысык-Көлдүн бул миссияны аткарууда мындай дарамети бар жана абдан ыңгайлуу”- деп айтты. 

“Марафонду кубануу менен колдойбуз, анткени спорт аркылуу алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн спортчуларды жана туристтерди чакыруу жана башкысы – “Таза суу, таза аба, таза инсан” деген ураан астында  Кыргызстаныбызды таанытуу. Жашоо – күрөш, ал эми спорт – чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары – эч качан өлбөйт” – деди Жапаров. 

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы кыргыз спортунун тарыхындагы атактуу марафончулар, советтик марафончу, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндардын коло медалынын ээси, легендарлуу Сатымкул Жуманазаровду жана жөө күлүк Дарья Маслованы белгилеп өттү.

Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.

 

Белгилеп кетүүчү жагдай Ысык-Көл марафону гана Эл аралык марафондордун ичинен Борбордук Азияда “эл аралык” деген статуска ээ. Мында жеңишке жетишкен спортчулар Азия оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана олимпиада оюндарына катышуу жолдомосуна ээ боло алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

156