7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду

906

Бүгүн, 29-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүндө  белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркумду эскерүүгө КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

907