7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акын, журналист Бекбай Алыкулов узак оорудан улам көз жумду

628

2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери республикалык басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жылдары Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соода бөлүмүнүн улук адиси, 1967–1983- жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, 1990-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, «Чүй баяны» гезитинде, андан соң «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1970-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер, 2006-жылдан Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Калемгердин “Өмүрү өрнөк инсан”, “Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептери жана көркөм, публицистикалык тандалма чыгармаларынын эки томдугу жарык көргөн.

Жазуучу жана журналист Б. Алыкулов чыгармачылыктагы зор ийгиликтери үчүн 1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамга татыктуу болгон.

Бекбай Алыкулов улутубуздун маданий жана руханий баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик өз кесибинин мыкты адиси болгон жазуучу жана журналист Бекбай Алыкуловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын калемдештерине көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

629