7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Баасы 23 миллион сомдон ашуун болгон жер тилкелерин мамлекетке кайтарылды

599

 

Прокуратура органдары баасы 23 миллион сомдон ашуун болгон жер тилкелерин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектебине таандык жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталды.

Анын жыйынтыгы менен мыйзам бузууну калыбына келтирүү үчүн жалпы базар баасы 23 миллион 334 миң 120 сомду түзгөн 4 жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды.

«Алсак, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен, жогоруда белгиленген жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Жер тилкелер Арча-Бешик жаңы конушунун тургундарынын социалдык жашоосун камсыз кылуу үчүн максаттуу багыты боюнча бала бакча курууга каралгандыктан жеке турак үй курууга мүмкүн эмес эле. 24-мартта жогорудагы 4 жер тилке мэриянын балансына алынды», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600