7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы аптада коронавирустун жаңы учуру катталды

688

Өлкөдө 9-январдан 15-январга чейинки аралыкта COVID-19дун эки жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эки бейтап тең амбулатордук шартта дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, акыркы бир жуманын ичинде бардык аймактар жашыл зонада болду.

«Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат. 2022-жыл жана 2023-жылдын 15 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 840 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 829 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689