7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы коңгуроодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

389

Акыркы коңгуроо күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-майда акыркы коңгуроо жана мектепти бүтүп кеткен жарандардын 10, 20 жана 30 жылдык жолугушуу кечелери күндөрүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

“Учурда мугалимдерден бүтүрүүчүлөрдү эч жака чыгарбоо туралуу милдеттемелерди жаздырып алуу менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анткени бүтүрүүчүлөр ошол күнү майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулушуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучу болууда. Мындан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автобекеттерге барып, жүргүнчүлөрдү ташыган маршрут айдоочуларына жана ижарага берген той кортеждерине барып, ошол күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аларды тоо-суу эс алуучу жайларга алып барбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо күндөрү шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт постторун орнотуп, өспүрүмдөрдү ташыган унааларды текшерүү менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат”, – деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390