7-сентябрга карата коронавирус дагы 3 бейтап каза болуп, 100 адамдан жаңы учур аныкталды. Ал эми бир суткада 121 адам илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек шаарында – 40,
 - Чүй облусунда – 26,
 - Ош облусунда – 3,
 - Талас облусунда – 3,
 - Нарын облусунда – 2,
 - Ысык-Көл облусунда – 19,
 - Жалал-Абад облусунда – 3,
 - Баткен облусу – 4.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 788 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда.



