7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы жума Өзбекстанда өсүмдүк майы кескин кымбаттады

746

Өзбекстанда акыркы жумада өсүмдүк майы кескин кымбаттады. Өткөн аптада бир литри 21 000 сум (2 доллар) турса, 14-апрелде анын баасы 24 000 сумга (2,3 доллар) көтөрүлдү.
Өлкөнүн Монополияга каршы комитети баалардын жогорулашы «тышкы базарлардагы кымбаттоолорго жана өткөн жылдагы түшүмдүн аздыгына» байланыштуу экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жыл сайын 300 миң тоннадан ашык өсүмдүк майы керек болсо, 2020-жылы 450 миң тонна өндүрүлүп, анын жарымынан көбү импортко жөнөтүлгөн.
Ал ортодо өлкөдөгү Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федерациясынын өкүлү жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөдө азык-түлүктүн кымбаттаганын шылтоолоп, өсүмдүк майына болгон бааларды «негизсиз жогорулатып жатканын» билдирүүдө.
Ошол эле маалда Өзбекстанда акыркы апталарда азык-түлүктүн башка түрлөрү да кымбаттады. Эксперттердин айтымында, баалар орточо эсеп менен 34% жогорулады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747