7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Акыркы жылдар Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы үчүн жемиштүү болду»

321

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтык үчүн жемиштүү жылдар болду. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул мезгилдин ичинде бир катар маанилүү иш-чаралар орун алган.

“2023-жылы Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетти. Ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа биримдигинин лидерлеринин саммитин Чолпон-Ата шаарында өткөрүп алдык. Бул саммиттин алкагында Борбордук Азия Европа биримдигинин байланыштарын тереңдетүү боюнча жол картасы кабыл алынды”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле өткөн жылы Брюсселге расмий иш сапар менен барып, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Европа комиссиясынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөндүгүн президент белгилеп өттү.

“Брюсселге расмий иш сапарымдын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин арасында кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Келишимди ишке ашыруу боюнча алдыда чоң иштер бар. Алардын жыйынтыгы бардык тараптар үчүн пайдалуу жана жемиштүү”, — деди Жапаров.

322