7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды

400

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, аны менен бирге Олимпиада оюндарына лицензия утту.

Махмудов жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Кыргызстандык балбан норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

401