Акжол Махмудовдун трикосу Ысык-Көлдө өтүп жаткан ”GAMMA REVOLUTION FEST 21” бизнес форумунда аукционго коюлду.
Аукцион 1 доллардан башталып эң жогорку бааны «Бай-Дыйкан» компаниясынын директору Эрлист Акунбеков сунуштап, 6500 долларга сатып алды. Эң кызыгы аукциондо 6500 долларга чейинки айтылган баалардын баардыгы берилмей болду. Жыйынтыгында чогулган сумма 25 000 долларды түздү. Андан сырткары Токио 2020 Олимпииадасынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси өзүнүн атынан да 1000 $ кошуп, 26 000 долларга толуктады.
Акжол Махмудовдун айтымында бул убакытка чейин өзүнүн жеке баракчасында жарыяланган трикону жакын тааныштары 3000 долларга сатып алууну сунуштаган. Чогулган сумманын 60%ы бул убакытка чейин жашоо менен күрөшүп келе жаткан наристе Аруузатка жумшалат. Ал эми калган 30%ы кайрымдуулук фонддорго бөлүнсө, 10%ы болсо жаныбарларды коргоо үчүн бөлүнүп берилет.