7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Арча” жаратылыш паркында эми электромобилдер менен гана жүрүүгө болот

118

“Ала-Арча” жаратылыш паркында эми электромобилдер менен гана жүрүүгө болот. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде “Ала-Арча” кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесинин директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Ал белгилегендей, бул экологиялык багытта паркка оң таасир берет жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Ал үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-майында Кытайдан атайын электромобилдер алынып келет.

“Бул 2025-жылга коюлган тапшырмалардын бири. Эми парктын ичинде бир гана электромобилдер жүрө алат. Бизде азыр заманбап өткөрмө пункту курулууда. Мына ошол өткөрмө пунктарынан биз жөө өтүп, андан соң электромобилдерге отуруп 12 чакырым жол акысыз жүрүүгө болот”, — деди ал.

Жекшенбеков кошумчалагандай, мындан сырткары учурда 2 миң орундук унаа токтотуучу жай курулууда, муну менен жеке унаалардын кирүү маселеси чечилет.

“Бул парктын аймагына келгендердин санын дагы да арттырып, паркка кирүүнү жеткиликтүү кылат. Бул унаа токтотуучу жайдан өткөрмө пунктка чейин 150 метр жөө басып барышат. Ошондой эле парктын ичинде 5 аялдама курулат. Электромобилдерге отуруп, каалаган аялдамасына акысыз жете алышат”, — деди ал.

 

119