7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Арча» жаратылыш паркында көчөттөр отургузулду

534

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында «жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Токой кызматы, AFoCO жана токой чарба секторундагы 14 өлкөнүн өкүлдөрү (Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Кыргызстан, Индонезия, Казакстан, Лаос ПДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея, Таиланд, Тимор-Лесте, Вьетнам, Малайзия жана Сингапурменен) биргеликте өткөрүлдү.

Анда 40 даана – тянь-шань карагайынын, 30 даана – арча, 30 даана – кайың көчөтү отургузулду.

AFoCO президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча демилгесин колдойт. AFoCO`нун бул демилгеге катышуусу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Белгиленгендей, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына көчөттөрдү отургузуу бул уникалдуу жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн жана кооздугун сактап калууга гана жардам бербестен, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

535