Кечээ, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы «Рацек» чокусунан россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-турист болгон. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикке алып түшүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Россия Федерациясынын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.
Жардамга кол сунган ӨКМдин тик учагы кырсык болгон жерге учуп кетип, жабыркаган орусиялык туристти эвакуациялашты. Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.