7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Бука жана Чаткалда зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

1119

Ала-Бука жана Чаткалда зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБдин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу жыйыны өткөрүлдү. Ага 200дөй район тургундары катышып, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Милиция кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытында биргелешип иштөө зарылдыгы айтылды. Кандай гана коомчулукка жат көрүнүштөргө күбө болсо кайдыгер карабастан тез арада милицияга билдирүү керектиги белгиленди.

Профилактикалык иш-чаралар Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан да жүргүзүлүүдө. Участкалык инспекторлор райондук администрациянын жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Алар район аймагындагы айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундар менен жакындан баарлашып, кызыктырган суроолоруна жоопторду беришүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1120