Чүйдүн Сокулук районунун Ала-Тоо 3 конушундагы көлмөдөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ала-Тоо 3 конушунда 33 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши көлмөгө түшүп кеткен.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, саат 18:55те эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарылган.
Учурда милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.