7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Тоо Резорт” ири долбоорунун курулушу жүрүп жатат

292

4-июлда Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Жыргалаң” тоо курортундагы “Ала-Тоо Резорт” ири долбоорунун курушулу менен таанышып чыкты.

Жылына 2 миллионго жакын туристти кабыл алууга камданып жаткан ири комплекстин 3Д форматындагы эскизи толук даярдалды. Долбоордун курулушунун ар бир этабы жана башкы пландык корректурасы Шаар куруу жана архитектура департаменти жана “Кыргыз Куршавель” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүүдө. Учурда долбоордук иштер толугу менен аяктап курулуш иштери журүп жатат.

Ошондой эле, “Жыргалаң” курорттук шаарча инженердик-геологиялык изилдөөлөрдөн өтүп, 5-4-3 жылдыздуу мейманкана, администрациянын имараты, медициналык пункт, атайын техникалар жана өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган жай боюнча долбоордун архитектуралык бөлүгү иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, аталган ири долбоор Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

293