7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Дин маселесине байланыштуу чагымчыл билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек

398

Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соц.тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал динге карата айтылган чагымчыл билдирүүлөрдү таратууну, сурамжылоолорду жасоону токтотуу керектигин белгиледи.

«Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам», — деди Алагөзов.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 5-сентябрда кеңешме өтүп, анда «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланган. Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырган. Ошондой эле аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгилүү болгон.

 

399