7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алай районундагы «Алымбек-Датка» сейил багы мамлекетке кайтарылды

471

УКМК тарабынан Алай районунун аймагында жайгашкан «Алымбек-Датка» атындагы сейил багына таандык жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Алай районунун айрым тургундары мурда райондук мамлекеттик администрациянын кызмат адамдары менен болгон байланыштарын пайдаланып, «Алымбек-Датка» атындагы сейил багына таандык болгон 13 сотых жер тилкесинин бир бөлүгүн жеке менчикке менчиктештирген. Учурда аталган участокто коммерциялык имарат бар.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 13 сотых жер участогу ыктыярдуу тартипте мамлекетке кайтарылды.

Жер тилкесинин жана кошумча курулуштун базар баасы 20 миллион 466 миң сомго бааланууда.
Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

472