7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда туугандары тарабынан ур-токмокко алынган үч жашар бала фостердик үй-бүлөгө берилди

739

Алай районундагы Сары-Могол айылында таеже-таажездесинин колунда калып, ур-токмокко  алынган  үч жашар бала  учурда фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды.Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Эске салсак, Ош облустук милициясы Н. аттуу кичинекей бөбөктү энеси таежесине таштап кетип, ал ур-токмокко  алынганын билдирип, чоо-жайын айткан. Баланын миграцияга кетти деген энеси менен тергөөчүлөр телефондон сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Учурда бул боюнча текшерүү иштерин Алай РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

«Райондук ооруканадан балага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Алай райондук Социалдык жактан камсыздоо башкармалыгынын буйругу менен бөбөк А.Албаеванын фостердик үйүнө жайгаштырылды. Учурда абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740