Алай районундагы Сары-Могол айылында таеже-таажездесинин колунда калып, ур-токмокко алынган үч жашар бала учурда фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды.Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Эске салсак, Ош облустук милициясы Н. аттуу кичинекей бөбөктү энеси таежесине таштап кетип, ал ур-токмокко алынганын билдирип, чоо-жайын айткан. Баланын миграцияга кетти деген энеси менен тергөөчүлөр телефондон сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Учурда бул боюнча текшерүү иштерин Алай РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.
«Райондук ооруканадан балага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Алай райондук Социалдык жактан камсыздоо башкармалыгынын буйругу менен бөбөк А.Албаеванын фостердик үйүнө жайгаштырылды. Учурда абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.