7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда жер чөгүп, унаа каттамы токтоду

695

Кечээ, 20-июнда саат болжол менен 14:40та Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында нөшөрлөп жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Октябрь айылындагы ички чарбалык жолдорду жеп, каттамды кыйындаткан. Ошондой эле чогулган Октябрь суусуна кошулуп бул айылдагы Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гүлчө – Октябрь жолунун 15-чакырымындагы 959-жол тейлөө мекемесинин карамагындагы көпүрөнүн капталын суу жайпап кеткен. Учурда көпүрөнүн бир тарабынан гана өтүүгө мүмкүнчүлүк бар, бир тарабында жер көчүп кетүү коркунучу жаралууда.

Ошондой эле Гүлчө – Октябрь жолунун 9-чакырымынын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүү болуп, каттам токтоп, электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралууда.Учурда Алай райондук Жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү жумуштарды аткарууда. Жеринде оңдоо иштерин жасоого ӨКМден 3 кызматкер, 959-ЖТМден 1техника 5кызматкер тартылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696