Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды ишке киргизүүгө жана аны менен иштөө боюнча окутууга көмөк көрсөтүү максатында Түркиянын Ички иштер министрлигинин адистери Бишкекке келишти. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Делегация ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков менен жолугушуп, ИИМдин Борбордук аппаратына баш багышкан.
Укук коргоо органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды ишке киргизүү улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана террорчулукка каршы күрөшүүдө инновациялык ыкма болот. Ошондой эле калктын коопсуздугун жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.