Алайда жолоочуларга ооз ачар баштыкчалары таратылды
168
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков хатибият тарабынан жолоочуларга ооз ачар баштыкчалары таратылгандыгын билдирди.
«Облустагы Ноокат жана Араван райондорунда хатибият менен жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратып баштап беришти. Биз да аны улай, бүгүн Гүлчө жолундагы жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын тараттык», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.
Ооз ачуу үчүн керектелүүчү азык-түлүктөр камтылган баштыкчаларды 50дөн ашуун жолоочуга таратылды. Бул иш-чара облус аймагындагы Ноокат жана Араван райондорунда өткөрүлдү.