Бүгүн, 3-май күнү саат 15:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, сел турак үйлөрдүн короолоруна кирген, жарандар жабыркаган эмес.
Ошондой эле, Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен.
«Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат.
Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иш алып барууда»,- деп берилет билдирүүдө.