7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайкуу: Демөөрчүнүн жардамы менен 5,6 миң фонду бар китепкана ачылды

663
Кара-Кулжа районуна караштуу тоолуу Алайкуу өнөөнүндө көп жылдан бери бүтпөй келген мектептин курулушу аяктап, кечээ ачылуу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев жана маданият тармагындагы көрүнүктүү инсандар катышты.
Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылындагы №18 Көңдүк китепканасы 1972-жылы ачылган. Азыркы учурда китеп фонду 5665 нусканы түзүп, 1177 калкты тейлейт. Аталган китепканага КРнын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маданий курулуштардын жигердүү уюштуруучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери-Акун Токтосартовдун ысымы ыйгарылган.
2019-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын президенти Токтосартов Камалдин Акуновичтин жеке демөөрчүлүгү менен китепканага жаңы имарат куруу иштери башталган. Имарат 2021-жылы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664